Улукбек Марипов жаңы дайындалган дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушту
Кабинеттин башчысы дипломаттарды кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен тыгыз байланышта болууга жана кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө кездешкен көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүүгө чакырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын бир катар өлкөлөрдөгү дипломатиялык миссияларынын жаңыдан дайындалган башчылары менен жолугушту.
«Мамлекеттин кызыкчылыгын чет жерде коргоо – бул абдан жооптуу жана жогорку миссия. Сиздерден жана сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдөн эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү жана чыңдалышы көзкаранды. Сиздер алдыга коюлган милдеттерди мыкты аткарасыздар деп ишенем, анткени ар бириңиздер мамлекеттик жана дипломатиялык кызматта чоң иш тажрыйбаңыздар бар», - деди ал.
Элчилер менен жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов белгилегендей, өз ишинде саясий жана ишкер чөйрө менен конструктивдүү өз-ара аракеттешүүнү түзүү менен катар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасоо зарыл.
«Кыргыз Республикасы кызматташууга ачык жана кыргыз экономикасына инвестициялоого умтулган инвесторлорду колдоого алууга даяр. Энергетика, транспорт, тоо-кен өндүрүү, жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм жаатындагы долбоорлор биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ. Өзгөчө көңүлдү чет элдеги мекендештерибиздин укугун жана кызыкчылыгын коргоого буруу керек. Сиздер жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз диаспораларынын мүчөлөрү менен тыгыз аракеттешип, мекендештерибиздин жаралган көйгөйлөрүн чечүүдө колдон келген көмөгүңүздөрдү беришиңиздер тийиш. Бул сиздердин ишиңиздердин маанилүү бөлүгү болуп саналат», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов.
Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:
- Бейшеналиев Алмазбек, Женева шаарындагы Кыргыз Республикасынын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү, Швейцария Конфедерациясы;
- Базарбаев Таалай, Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
- Карагулов Азамат, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
- Султанов Талант, Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Кабминдин маалымат кызматы
Фото www