«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын банкроттукка байланыштуу арызы канааттандырылды
Нью-Йорктун Түштүк округдук сотунун буйругу менен компанияны жоопко тартуу мүмкүн эмес
"Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" банкроттукка байланыштуу арыздары канааттандырылды. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасына шилтеме берүү менен economist.kg билдирет.
Алардын айтымында, Нью-Йорктун Түштүк округдук сотунун буйругу менен компанияларды жоопко тартуу мүмкүн эмес, алар менен соттошуп, мүлкүн конфискациялоо мүмкүн эмес. Тоо кендерин иштетүү боюнча келишимдерди өзгөртүү же бузуу мүмкүн эмес.
Бул чектөөлөр бардык жеке адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк же жергиликтүү мамлекеттик органдарга тиешелүү деп жазат The Wall Street Journal.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз