УКМК башчысынын орун басары Жаныбек Жоробаев Борбор Азия боюнча Каспер лабораториясынын жетекчилиги менен жолугушту
Кибер кылмыштарга каршы күрөшүү жаатында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту Координациялоо Борборунун директору Жаныбек Жоробаев - Борбордук Азия боюнча Каспер лабораториясынын жетекчилиги Валерий Зубанов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча Координациялык борборунун потенциалын жогорулатуу жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары киберкылмыштар негизинен чек ара мүнөзүнө ээ экендигин, ошого байланыштуу эл аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү бул жаатта ийгиликтүү иштөөнүн өбөлгөсү экендигин белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында, кибер кылмыштарга каршы күрөшүү иш-чараларын координациялоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, КККБ УКМК менен Каспер лабораториясынын өз ара аракеттенүүсү боюнча алкактык документке кол коюу каралып жатат, анын алкагында жооп кайтаруу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү пландаштырылууда .
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www