Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарында кандай келишимдерге жетишилгендигин айтты

Достук клиникасы ачылат, Кыргызстанда фармацевтикалык завод куруу боюнча маселелер каралып жатат
Өлкөнүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, Мамлекет башчысынын Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн алкагында түрк тарап Бишкек шаарындагы «Достук» кыргыз-түрк клиникасы боюнча бардык маселелер чечилет деп ишендирди.

Ал Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушууда жакында Бишкекке түркиялык дарыгерлер тобу келип, кыргызстандык адистер менен биргеликте «Достук» клиникасын иштетүүгө даярдап баштоосу боюнча келишимге жетишилгенин баса белгиледи.

«Менин оюмча, бул — чоң жетишкендик. Үч жылдан бери клиника иштөөгө даяр болгону менен иштебей туруп калган эле. Анткени тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Азыр биз орток пикирге келдик, жакын арада оорукана иштей баштайт. Кыргыз тарап бардык керектүү документтерди даярдашы керек. Клиника заманбап жабдуулар менен жабдылган. Биз буга чейин Түркияга операцияга квота менен жиберип келген бейтаптарга эми бул ооруканадан эле операция жасап баштайбыз. Бейтаптарды Түркияга жөнөтүү программасы пандемияга байланыштуу да убактылуу токтоп калган эле», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын 20 клиникалык ординатору Түркиядагы мыкты клиникалардан эки жыл акысыз тажрыйба арттырууга адистештирүүдөн өтүүсү боюнча макулдашты. Кыргызстанда сынак жарыяланып, күзгө чейин тандалган мыкты дарыгерлер эң муктаж болгон адистиктер боюнча окууга жөнөтүлөт.

«Мындан тышкары, Түркия саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө, башкача айтканда, „электрондук саламаттык сактоо“ тутумун түзүүгө жардам берүүгө даяр.

Ошону менен бирге Түркиянын фармацевтикалык клиникалары Кыргызстанга керектүү дары-дармектерден жардам берүүнү көздөп жатышат. Кыргызстанга фармацевтикалык завод куруу же керектүү дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу боюнча маселелер каралып жатат», — деп белгиледи саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх