Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ТИМдин орун басары Афганистандын элчиси менен инвестиция жана билим берүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулады

Артыкбаев Афганистан тарапка Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу чаралары үчүн ыраазычылык билдирди

Бир күн мурун, 10-июнда Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Афганистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-афган мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, инвестицияларды тартуу, туризм, билим берүү, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын жана коопсуздуктун эрте башталышына көмөктөшүү менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө.

Артыкбаев Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча ооган тараптан көрүлүп жаткан чаралар үчүн ыраазычылыгын билдирди жана МБАП инфраструктурасын жана социалдык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чараларды Афганистан өкмөтү мындан ары колдой тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде, АИРдин Кыргыз Республикасындагы элчиси Вазири АИРдин Бишкектеги элчилиги кыргыз-афган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн күч-аракет жумшайт деп ишендирди.

Жыйынтыгында Артыкбаев Афганистандын элчисине кесиптик ийгиликтерди каалады жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкка үмүт артарын билдирди.

Вазири Артыкбаевди аталган кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх