Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Казакстанга ашыкча суунун көлөмүн коё береби? Айыл чарба министрлигинин жообу

Чүй облусунун тургундары сугат суунун жоктугунан митингге чыкканга даярданып жатышат

Чүй облусунун тургундары "Ак үйдүн" жанындагы митингге чыкканы жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү тургун билдирди.

Сугат суунун тартыштыгына жана акыйкатсыз бөлүштүрүлүшүнө ата мекендик фермерлер нааразы.

Белгилей кетүүчү жагдай, Казакстан ММКларында Кыргызстан Казакстан Республикасына кошумча суунун көлөмүн коё бере турганын, бул коңшу мамлекеттеги суунун аздыгы боюнча кырдаалды жөнгө салууга жардам берет деген маалымат пайда болгон.

Ал арада Vesti.kg сайты Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин башчысы Алмазбек Сокеев менен байланышты.

Кийин белгилүү болгондой, чиновникте суунун кошумча көлөмүн Казакстанга өткөрүү боюнча маалымат жок. Бирок, ал белгилегендей, Кыргызстан Казакстан менен түзүлгөн келишимдин 50 пайызын гана камсыздайт.

"Сугат маселесине келсек, биз аларга кошумча суу көлөмүн коё бере албайбыз", - деди Сокеев. - Балким, сөз Токтогул суу сактагычы жөнүндө болуп жаткандыр. Энергетика министрлигине кайрылыңыз.

Vesti.kgнин Энергетика жана өнөр жай министрлиги маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылды.

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх