Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытайдын достук мамилесин жана колдоосун ар дайым сезип тургандыгын белгиледи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин кыраакы саясатыңыздын, салмактуу чечимдериңиздин натыйжасында Кытай эл аралык аренада ишенимдүү түрдө алдыңкы орундарды ээлеп турат. Кытайдын "Бир алкак – бир жол" демилгеси дүйнө жүзүнө таанылып, ар кайсы континенттердеги көптөгөн мамлекеттерди бириктирген демилгеге айланды. Сиздин акылман жетекчилигиңиз менен Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишти жана башка өлкөлөргө пандемия менен күрөшүүгө жигердүү жардам көрсөтүүдө. Учурдан пайдаланып, Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына өз убагында көрсөтүлүп келе жаткан гуманитардык жардам үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кыргызстан ар дайым Кытайдын достук мамилесин жана колдоосун сезип турат», - деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы кыргыз-кытай эки тараптуу мамилелеринин бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча конструктивдүү ишти мындан ары да улантууга даяр экенин ырастады.
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалады.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх