Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев: Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну болуп жатат

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы өлкөдө карантин киргизүү пландалбаганын белгиледи

Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги кырдаалды толук көзөмөлдөп турат.

"Кыргызстанда үчүнчү толкуну болуп жатат", - деди Бейшеналиев. - Биринчи жана экинчи толкундардагыдай дүрбөлөң жок. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кырдаалга көз салууда. Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар үчүн 1568 акысыз керебет бар. Өлкөдө бардык керектүү дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары бар. Медиктер даяр.

Ошондой эле ведомство башчысы өлкөдө карантин чараларын киргизүү планы жок экендигин белгиледи.

"Биз Бишкек мэриясына түнкү клубдарды жаап, социалдык аралыкты сактоону сунуштадык", - деп кошумчалады чиновник.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх