Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы 40 жыл башкарсын. Садыр Жапаров Памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрүнө мал берди (видео)

Памирлик кыргыздарга 170 кой, 17 уй жана ошончо жылкы жеткирилген

Президент Садыр Жапаров ар бир памирлик кыргыз үй бүлөсүнө он баш кой, уй жана жылкы белек кылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын тарапташтары социалдык тармактарда билдиришти.

"Памирлик кыргыздарга келип, аларга мал жеткирип бердик" деп айтылат видеодо. - Садыр Нургожоевич Памирлик кыргыздарга 170 баш кой, 17 уй жана ошончо жылкы белек кылды. Көрсө, ар бир үй-бүлөгө 10 баш кой, уй жана жылкы берилген.

Памирлик кыргыздар болсо ыраазычылыгын билдиришет.

- Аксакалдар малды үй-бүлөлөргө бөлүп беришкен, - дешет памирликтер. - Садыр Жапаровго чоң рахмат. Дагы кырк жыл башкарсын.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх