Пандемия учурунда Баткен облустук бириккен ооруканасынын кызматкерлерине мыйзамсыз компенсация төлөнүп берилген
Прокуратура COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттарды сарптоодогу мыйзам бузууларды аныктады
COVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүүгө багытталган каражаттарды сарптоонун мыйзамдуулугун текшерүүнүн натыйжасында, Баткен прокуратурасы тарабынан Баткен облустук бириккен ооруканасынын айрым кызматкерлерине 545 480 сом өлчөмүндө компенсация мыйзамсыз төлөнүп берилгендиги аныкталды.
Прокурордук текшерүүдө аталган адамдарга Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругун бузуу менен компенсация төлөнгөндүгү аныкталды.
Берилген прокурордук жооп актынын жыйынтыгы боюнча, мыйзамсыз төлөнгөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылды. Бул багыттагы иштер улантылат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www