Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту адвокаттардын арызын канааттандырган жок

Бүгүн, 15-июнда Бишкек шаардык сотунда Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматовдун иши боюнча сот отуруму өттү. Шаардык сот экс-мэрдин жактоочусунун арызын карады.

Буга чейин жактоочу тарап Биринчи Май райондук сотунун Суракматовду камакка алуу чечимине каршы чыккан.

Бишкек шаардык сотунун Соттук коллегиясы мурунку мэрди УКМКнын СИЗОсуна калтырып, арызды канааттандырбай калтырды.

Эскерте кетсек, Азиз Суракматов мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх