Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров бүгүн Кумтөр кенинин иши менен таанышты

Ишкананын кызматкерлери алтын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүп жаткандыгын белгилешти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” кенинин иши менен таанышуу учурунда "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун (ЖАК) эмгек жамааты менен баарлашты.

Мамлекет башчысы ишкана иштеп жатканын жана мындан ары да планга ылайык, туруктуу негизде иштей тургандыгын өзгөчө белгилеп, мындан улам компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү.

Садыр Жапаров алтын кендин ата мекендик экономикадагы өзгөчө ордуна токтолуп, убактылуу тышкы башкарууну киргизүү менен “Кумтөр” кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө мерчемделип жаткан социалдык-экономикалык реформалар, жарандардын бардык категориялары үчүн ипотека ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу чаралары, тышкы саясаттагы актуалдуу багыттар жана пландар жөнүндө дагы айтып, акыркы чет элдик иш сапарларынын натыйжалары тууралуу учкай кеп кылды.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Компаниянын кызматкерлерин учурдагы иши, ден соолуктарын чыңдоо жана социалдык мүнөздөгү башка уюштуруу чаралары боюнча суроолор кызыктырды.
Мамлекет башчысы көтөрүлгөн бардык суроолорго жооп берип, өз кезегинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызматкерлерине ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров кен эми толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеп баштагандыгы үчүн компаниянын бардык кызматкерлерин ишкананын мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана болгон күч-аракетин жумшап иштөөгө чакырды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх