Кыялбек Мукашев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Буга чейин ал Каржы министрлигин жетектеген
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 15-июнундагы буйругу менен Кыялбек Мукашев Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды.
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Мукашевди бажы кызматынын жамаатына тааныштырды.
Буга чейин Мукашев Каржы министри болгон.
МБКтин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз