Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте уурдалган Орхан Инандынын тарапкерлери кайрадан митингге чыгышты

Жүздөн ашуун адам "Сапат" лицейлер тармагынын негиздөөчүсүн тез арада табууну талап кылышууда

Бишкекте уурдалган "Сапат" лицей тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инандынын тарапкерлери кайрадан митингге чыгышты. Өкмөт үйүнүн жанына жүздөн ашуун адам чогулуп, "Сапат" муниципалдык билим берүү мекемеси негиздөөчүсүн тез арада табууну талап кылышты.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 2021-жылы 31-майда борбор калаада жоголгон. Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.

Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күчөтүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине тапшырды. Инанданын жоголушу фактысы боюнча “Уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Колдоочулары Инандыны түркиялык атайын кызмат уурдап кеткен деп эсептешет. Ошол эле учурда, Түркиянын расмий ММКлары бул КР УКМКнын иши экендигин жана Садыр Жапаровдун жакында Түркияга болгон иш сапары менен байланыштуу экендигин белгилешти.

Конференциядагы расмий жолугушуунун алкагында, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тарап (кыргыз жана түрк) ФЕТӨ (Гүлендин кыймылы) террордук уюм (Орхан Инанды ушул уюмдун мүчөсү деп эсептелет) деп макул болушкандыгын мойнуна алды өз мекениндеги уюм, башкача айтканда, ислам теологу Фетхуллах Гүлендин идеяларын ээрчиген - ред.)

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх