Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн бюджетте 700 млн сом каралган

Бүгүнкү күндө жалпысынан 200 миллион сом бөлүнгөн

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сом каралган. Бул тууралуу экономика жана каржы министринин орун басары Айдин Шаршеев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 200 миллион сом бөлүнгөн.

"Министрлер кабинетинин жарлыгы менен Баткен облусун калыбына келтирүүгө 700 миллион сом каралган", - деди министрдин орун басары. - Бүгүнкү күндө 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн. Жеке сектордун эсебинен үйлөр курулуп жатат. Ошондой эле, министрлер кабинети курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө - 1 миллион сом, ал эми курман болгондорго - 50дөн 100 миң сомго чейин компенсация төлөп берет.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх