Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бакиров: Мен убактылуу СДПК фракциясынын лидери болгондон бери, айрым күчтөр мага каршы саясий оюндарды өткөрүп жатышат

ЖКнын депутаты өзүнүн соттуулугу жөнүндө жалган маалыматты ким таратып жаткандыгын билерин белгиледи

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров акыркы учурда анын атын каралоого аракет кылып жатышат деп эсептейт. Ал айрым саясий күчтөр элди адаштырып, социалдык тармактарда ал мурда соттолгон деп жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт.

"Акыркы убакта менин атыма мурда болуп корбогондой чон бир саясий каралоо жүрүп жатат. Азыр болсо социалдык желелерде мурда соттолгон деген жалган маалымат таратып элдин башын айлантып жатышат. Мен сиздерге маалымат иретинде мурда эле ИИМ тарабынан такталган маалыматты айтып коёюн. 2010-жылы Жогорку Кенештин депутаттыгына оппозициялык Ата-Журт партиясынан талапкерлигимди койгон элем. Соттолгонум чын болсо ошондоле талапкер кылып каттамак эмес. Андан кийин 2015-жылы, жана 2020-жылдарыда талапкер болгом. Мыйзам боюнча ар бир партия талапкерлерине мурда соттолбогону тууралуу ИИМден справка алып, анан БШК аны талапкер кылып каттайт эмеспи.

 
Эл өкүлү анын ысмын жаманатты кылгысы келип жаткандыгына толук ишенет.

"Ачыгын айтканда, айрым саясий күчтөр мен СДПК фракциясынын убактылуу лидери болгондон бери мени менен атайын саясий оюндарды ойноп келишет", - деди Бакиров. - Жалган маалымат таркатуу менен жан багып жаткандар, мен аны кудайга тапшырам. Эл ак менен караны бөлүп, кимдин ким экендигин билип алат. Алар жалган маалымат таратуу менен менин аброюма шек келтире алышпайт. Көптөгөн жасалма аккаунттардын жана 7-канал сыяктуу телеканалдардын артында кандай адамдар жана кандай саясий күчтөр тургандыгын жакшы билем. Алар жалган маалыматтарды гана таратышат.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх