Алмаз Бакетаев Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан бошотулду
Шаардык муниципалитетте кадрдык өзгөрүүлөр болду
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев башка жумушка которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Буга чейин вице-мэр кызматын ээлеп келген Жамалбек Ырсалиев турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча биринчи вице-мэр болуп дайындалган.
Максатбек Сазыкулов борбордун экономика жана каржы иштери боюнча вице-мэринин кызмат ордуна дайындалды. Буга чейин ал Орус-Кыргыз Өнүктүрүү Фондусунун Уюштуруу Өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйруктарга шаардын мэри Бактыбек Кудайбергенов кол койду.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз