Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Орхан Инанды издөө иштеринин чоо-жайын ачыктабай тургандыгын билдирет

Жоголгон "Сапат" лицейлеринин негиздөөчүсүн издөөгө миңден ашуун милиция кызматкерлери катышууда

Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык кызматкери тартылган.
Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.
Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иштери азырынча ачыкталбайт

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх