Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Генрих Балян УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которду

Бүгүн сот  «Карвен групп»  компаниясынын ээси үчүн алдын алуу чарасын тандайт

Белгилүү ишкер, "Карвен групптун" ээси Генрих Балян УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которду. Бул тууралуу маалыматты Vesti.kg сайтынын УКМКдагы редакциясы тастыктады.

Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Баляндын баш коргоо чарасын шайлайт.

Эскерте кетсек, 15-июнда Карвен Групптун ээси өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алып кетти деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК билдиргендей, КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен катталган сотко чейинки процесстин жүрүшүндө Балян банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алгандыгы аныкталды. Карвен клубунун ээси, ишкер Генрих Балян алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15-июнда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ишкер 2,3 миллион доллар өлчөмүндө насыя алган. Күрөөгө кыймылсыз мүлк койгон, бирок акчасын бербей жаткан.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх