КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия учурунда ооруу жуккан дарыгерлерге компенсация төлөп баштады
Бүгүнкү күндө 196 медициналык кызматкердин ар бирине 200 миң сомдон төлөндү
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 2021-жылдын 14-июнундагы №798 "Саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку компенсация төлөө жөнүндө" буйрук чыгарды.
Коронавирус инфекциясын жуктурган медициналык жана башка саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле COVID-19 жугуштуу оорусунан улам каза болгон медициналык жана башка кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө компенсацияларды төлөө тартибине ылайык, эмгек милдеттерин аткаруу учурунда өзгөчө кырдаалда медициналык жардам көрсөтүү жана 2021-жылдын 11-январына чейин документтерин тапшырган медицина кызматкерлерине ар бири 1 миллион сомдон төлөнөт.
Бүгүнкү күндө документтери комиссия тарабынан каралган 196 медициналык кызматкерге 200 миң сомдон, ал эми каза болгон бир медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөнгөн. Жалпысынан 1121 медицина кызматкери компенсациялык төлөмдөрдү, ал эми каза болгон 33 медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө ар бири 1 миллион сомдон алышты.
Каралбай калган документтерге ылайык, саламаттыкты сактоо кызматкерлери иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине жогоруда аталган буйруктун Тартибине ылайык, комиссияга берилген документтерди 2021-жылдын 11-январына чейин бир жуманын ичинде карап чыгуу тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www