Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асылбек Жээнбековду колдоо митингине анын бир тууганы Жусупбек Шарипов кошулду (сүрөт)

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бир тууганын колдоо үчүн келген жок

Бишкекте шаардык соттун имаратынын жанында депутат, парламенттин мурунку спикери жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековду колдоо митинги өтүп жатат.

Кумтөр ишинде кармалган саясатчыны колдоо үчүн жүзгө жакын адам келди.

Митингге Асылбек Жээнбековдун агасы Жусупбек Шарипов келди. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков тууганын колдоо үчүн келген жок.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттын адвокаттары Биринчи Май райондук сотунун Жээнбековду камакка алуу боюнча чечимине каршы даттанышкан.

Парламенттин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана башкалар дагы Кумтөрдө кармалган.

Белгилей кетсек, Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана Молдова Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын ээлейт.

 

 

сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх