Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Эмне, сүрөткө түшкөнгө келдиңби?!". Нарында аял Алымкадыр Бейшеналиевди урушту (видео)

Жергиликтүү тургун Саламаттыкты сактоо министрин этика жана уяттын жоктугу үчүн жемеледи

Нарын шаарынын тургуну Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.

- Сүрөткө түшкөнү келдиңби, же эмне? - деп Нарындын тургуну министрге ачууланып кайрылды. -Этика барбы? Сүрөткө түшүп алалы деп . Тарт анда бир аялдын ушинтип кыйкырганын сүрөткө тарт.  Уят болуш керек.

Алымкадыр Бейшеналиев жаранга жооп берген жок.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 17-июнда Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылыш аземинде болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев, Нарын шаарынын жаңы мэри Самарбек Болотбеков, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова жана башка бир катар расмий адамдар катышты.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх