Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асылбек Жээнбековдун адвокаты анын кардары сотко жеткирилбей, процесстин үзгүлтүккө учураганына нааразы

Экс-президенттин бир тууганынын баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу боюнча жыйын 23-июнга жылдырылды

Депутат Асылбек Жээнбековдун кызыкчылыгын коргогон адвокат Давран Касымов Vesti.kg менен болгон маегинде баш коргоо чарасын кароо боюнча бүгүнкү сот жараяны үзгүлтүккө учурады деп билдирди. Ал бул үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылат.

"Белгисиз себептерден улам Асылбек Жээнбеков сотко өткөрүлгөн жок", - деп билдирди адвокат. - Сот өз талабында аны жеткирүүнү же онлайн режиминде жолугушууну камсыз кылууну көрсөткөн. Бирок тергөө органдары белгисиз себептерден улам муну жасай алышкан жок. Ошондой эле алар расмий документ берген эмес. Окуяга байланыштуу сот өз демилгеси менен отурумду 23-июнга саат 11.00гө жылдырды. Процесс үзгүлтүккө учурады. Бул үчүн күнөөлүүлөр жазаланышы керек деп эсептейм.

Касымов Фемида адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнө берээрин белгиледи.

- Биринчи инстанциядагы сот көптөгөн мыйзам бузууларга жол берди, - деп баса белгиледи адвокат. - Акыйкат сот болот деп үмүттөнүп жатабыз. Биринчи инстанцияда мыйзамдын бузулган ченемдерин так көрсөтүп, далилдерди келтирдик.Апелляциялык сот мыйзам тарабынан муну эске алууга милдеттүү. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылуусу болду.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх