Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тайырбек Сарпашев кармалды. Ал "Центерранын" жетекчилиги менен тил табышкан деп шектелүүдө

УКМКнын маалыматы боюнча, мурунку вице-премьер-министр Суу кодексине өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндө өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Сотко чейинки процессте мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги жана канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен алдын-ала сүйлөшүп алып, ушул компаниянын кызыкчылыктарын колдоп, экологиялык коопсуздукка зыян келтирүүгө багытталган кылмыштуу аракеттери аныкталды. 

Тергөө Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды аркалап, "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кылган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоол болгонун аныктады.

Андан тышкары, Сарпашев кылмыштуу кутумга ылайык, республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнүн парламентинин кароосуна алып, Кумтөр Голд Компани ЖАКтын Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдө иштөөсүнө жол берип, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрдүн кыйрашына алып келген.  "

Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган, өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербеген кылмыштуу аракеттерин эске алып, 2021-жылдын 17-июнунда, ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-берененин 2-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышка шектелип камакка алынган. 

Жакынкы аралыкта Сарпашевге белгиленген кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлүп, Биринчи Май райондук соту тергөө мезгилине карата баш коргоо чарасын тандайт.

УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх