Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев тергөө абагына 2 айга камалды

Тандалган бөгөт коюу чарасы 16-августка чейин күчүндө

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда президенттик администрациянын башчысынын мурунку орун басары Алмамбет Салиевге карата баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Райондук соттун чечими менен Салиевге карата УКМКнын СИЗОсунда камакта кармоо менен, 16-августка чейин, сотко чейинки өндүрүшкө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы колдонулган.

Эскерте кетсек, президенттин администрация башчысынын мурунку орун басары Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК билдиргендей, ал Сооронбай Жээнбековдун камкордугунан пайдаланып, соттордун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине активдүү кийлигишкен.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх