Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабановдун тарапташтары анын баш коргоо чарасы боюнча петицияга кол коюуну суранышат

Экс-премьердин шериктери анын бошотулушун талап кылышууда

Өмүрбек Бабановдун жактоочулары мекендештерден аны бошотуу боюнча петицияга кол коюусун суранышууда. Ал  change.org.сайтына жайгаштырылган.

Төмөндө биз кайрылуунун текстин жарыялайбыз:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз, Кыргызстандын жарандары, сизден Кумтөр иши боюнча Өмүрбек Бабановго карата соттук териштирүүнү жана негизсиз жалаа жабууну көзөмөлгө алууну суранабыз.

Биз Өмүрбек Бабановдун күнөөсүздүгүнө, актыгына  толук ишенебиз. Ал ар дайым Кыргызстандын кызыкчылыгын, анын ичинде Кумтөр долбоорун коргоп келген.
Бабанов 2003-жылдагы жана 2009-жылдагы жырткыч келишимдерди сынга алып, Кумтөр боюнча так жана принципиалдуу позициясын ырааттуу билдирип, кызматташуу шарттарын Кыргызстандын пайдасына кайра карап чыгууну жактап келген.

Данияр Үсөновдун өкмөтү тарабынан кылмыш жолу менен берилген 16,300 гектар жерди Бабанов Кыргызстан элине кайтарып берген.

Бул фактылар Өмүрбек Бабановдун кармалышы жана камакка алынышы мыйзамсыз экендигин дагы бир жолу тастыктап, ага эч качан атайын формулировка кылынбаган айыптоолор акылга сыйбаган иш.

 

Урматтуу Президент!

Биз, Кыргызстандын жарандары, коомдун толук кандуу мүчөлөрү, Сиздин чын дилиңизден ишенип, сиз өлкөдө болуп жаткан окуялар үчүн жоопкерчиликти алууга чындыгында даяр экениңизге, ачык процесстерди, көз карандысыз сот жана акыйкат чечимдерди талап кылабыз!

Урматтуу кыргызстандыктар, эртең биз кайсы мамлекетте жашайбыз, балдарыбыз кайсы мамлекетте жашайбыз дегендердин бардыгы ушул кайрылууга кол койгула!

Мыйзамды бузуу жол берилбестигин, эртедир-кечтир мыйзамсыздык биздин ар бирибизге таасирин тийгизерин түшүнгөн адам ушул өтүнүчтү колдогула!

Кыргызстандын жаркын келечегине ишенген, өз өлкөсү, эли, өз балдары үчүн үйдө жакшы жашоону каалагандардын бардыгы Өмүрбек Бабановду колдошот! Мыйзам, акыйкаттык жана тартип үчүн күрөшүбүздү колдогула! "

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх