Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоого 18 партия катышат

 

 

Ар кандай себептерден улам партиянын 113 талапкерин каттоодон баш тартышты

2021-жылдын 20-июнунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого төмөнкү саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин каттады:

"Эмгек партиясы";

"Өнүгүү-Прогресс";

"Туран" демократиялык партиясы;

"Биздин Эл";

"Замандаш";

"Борбор" демократиялык партиясы;

"Кыргызстандын жашылдар партиясы";

"Ынтымак";

"Биздин Кыргызстан";

"Социал-демократтар";

"Реформа";

"Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы;

"Келечек-Будущее";

"Ата-Журт Кыргызстан";

"Ишеним";

"Жаны-Мезгил";

"Улуу-Журт";

“Айкөл Кыргызстан”.

“Социал-демократтар” саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышуучу жаңы саясий партияларды каттоодон баш тартууга байланыштуу арызы боюнча Бишкек АШК тарабынан “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого катышууга партияны өткөрүү жөнүндө “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын арызын карап чыгып, депутаттардын өзгөртүлбөгөн тизмесин эске алып, Бишкек АШК “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону чечти.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоого 18 саясий партия тарабынан 1371 талапкер көрсөтүлдү, 1258 талапкер санында талапкерлердин тизмеси катталды. Мында ар кандай себептер менен 113 талапкерди каттоодон баш тартылганын белгилейбиз.

БШК маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх