Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Россиянын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды

Тараптар Кыргызстанга Россиянын вакциналарын жеткирүү маселесин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх