Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев Анталия дипломатиялык форумунда сөз сүйлөдү

Министр Жибек Жолу элдери орноткон кылымдарды карыткан аймактык байланыштарды колдонууну сунуш кылды

19-июнда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анталия Дипломатиялык форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Казакбаев өз сөзүндө Анталия форуму инновациялык дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында кызматташууну өнүктүрүү үчүн салттуу жана абройлуу глобалдык аянтчага айланат деп ишенимин билдирди.

Министр мамлекеттер аралык келишпестиктерди сүйлөшүү столунда тынчтык жолу менен гана чечүү керектигин белгилеген. Бул контекстте ал жакында болуп өткөн чек арадагы кыргыз-тажик жаңжалын эскерип, тараптардын дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү каалагандыгын белгиледи.

Казакбаев Жибек Жолу элдери орноткон кылымдык регионалдык байланыштарды колдонууну сунуш кылгандыгы белгиленди. Ал Баку - Тбилиси - Карс темир жол долбооруна туташканда Кытайды материк аркылуу Европага байланыштырган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан сыяктуу Азия байланыш каттамдарын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал туруктуулукту, коопсуздукту сактоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн мамлекеттердин жана элдердин тышкы саясатын активдештирүү боюнча ишеним чараларын иштеп чыгуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуш кылды.

Жыйынтыгында министр эл аралык форумду мыкты уюштургандыгы, жылуу меймандостугу жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматта жолугушуу үчүн Кыргызстан менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн Түркия өкмөтүнө жана Режеп Тайип Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх