Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунда убакыт чектөөлөрү киргизилди

Колдо билети бар жүргүнчүлөр гана терминалдын имараттарына кире алышат

24-июндан тарта "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунда убакыт чектөөлөрү киргизилди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, эл аралык "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунда тосуп алып, узаткан адамдар үчүн терминалдын имараттарынын ичине кирүү убактылуу чектелген. Колдо билети бар жүргүнчүлөр гана терминалдын имаратына кире алышат.

Чектөөлөр эпидемиологиялык абал жакшырмайынча күчүндө болот деп белгиленди.

Канышай Балкыбекова

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх