Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Москвада РФнын Борбордук банкынын башчысы Эльвира Набиуллина менен жолугушту

Ошондой эле ал РФнын Федералдык салык кызматынын төрагасынын орун басары Юлия Шепелева менен баарлашты.

Москвада 18-июнда Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров менен Россия Федерациясынын Борбордук Банктын Төрагасы Эльвира Набиуллина менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, каржы жана банк жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо үчүн байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле, Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматынын төрагасынын орун басары Юлия Шепелева менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосунда товарларды идентификациялоочу каражаттар менен маркалоо тутумун түзүү максатында акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча биргелешкен мындан аркы иштин маселелери козголду. . Тараптар ушул багытта Россия Федерациясынын белгилүү бир ченемдик укуктук базасын үйрөнүү жана салык системасында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен кошо Россия тарап топтогон тажрыйбаны изилдөө зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.

ТИМдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх