Мектепте окуучунун өлүмү. №87 орто мектептин директору убактылуу кызматынан алынды
Кыз мектепте эсин жоготуп, ооруканага жетпей көз жумган
Бишкек шаарынын мэриясы №87 орто мектебиндеги кайгылуу окуянын жагдайларын иликтөө боюнча комиссиянын отурумун өткөрдү. Ушул жылдын 11-мартында мектепте эсин жоготкон 5-класстын окуучусу Гүлзейнеп Галбаева күтүлбөгөн жерден кардиологиялык ооруканага баратып жолдо каза болгон.
Бала жүрөк өнөкөт оорусуна чалдыккан. Баланын энеси Обагүл Идрисова өлүмдүн бардык жагдайларын иликтөө үчүн мэрияга кайрылган.
Жаңы комиссия түзүлүп, анын курамына дарыгерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоо кызматкерлери кирди. Комиссия жакындарынын бардык дооматтарын жана билдирүүлөрүн, мектеп администрациясынын түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле медициналык консультацияларды изилдейт.
Белгилей кетсек, ошондо март айында ата-энеси жана туугандары соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Бүгүн, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө жана бардык жагдайларды изилдөө максатында, комиссия No87 орто мектебинин директору Ж.М.Исанованы убактылуу ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.
Мэрия баланын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www