Аксы районунда 59 жаштагы кишини аялы жана уулу катуу сабап салышты (видео)
Жабырлануучунун үй-бүлө мүчөлөрү ИВСке жайгаштырылды
Аксы районунда 59 жаштагы эркек кишини аялы жана уулу сабап кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун ички иштер бөлүмүнө 1962-жылы туулган жаран кайрылган. Ал өз арызында 25-июнда саат 20:00 чамасында аялы менен уулу аны үйүнө камап, токмоктошконун көрсөткөн.
Бул факт КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси (Кыйноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Сотко чейинки процесстин алкагында жабырлануучунун 1963-жылы туулган аялы жана анын 26 жаштагы уулу кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы белгиленди.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www