Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин администрациясы майыптар кеңешин көзөмөлдөө боюнча чечимин өзгөрттү. Дастан Бекешев нааразы

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрү министрлер кабинети тарабынан чечилет

Президенттин администрациясы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын иштери боюнча кеңешти көзөмөлдөө боюнча чечимин өзгөрттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламентарий өзү билдирди.

Анын айтымында, президенттик администрациянын туруктуу позициясы жок. Мамлекет башчысынын өкүлдөрүнүн катында Майыптар иштери боюнча кеңешти министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жетектей турганы айтылган.

"Мен эмнеге президенттик администрация өзүнүн алдындагы Майыптар иштери боюнча кеңешти ачуу чечимин өзгөрткөнүн билбейм" деп Бекешев тактады. - Албетте, министрлер кабинетинин тушунда анчалык эффективдүү болбойт, анткени министрлер кабинетинин төрагасына бардыгы эле баш ийишпейт.

Эске салсак, 2021-жылдын 4-июнунда Президент Садыр Жапаров эл өкүлү Дастан Бекешевдин президенттик администрациянын алдында майыптар үчүн мамлекеттик кеңеш түзүү идеясын колдогон.

"Майыптар кеңеши үч айда бир жолу чогулуп турат", - деп түшүндүрдү Бекешев. - Инвестициялык кеңешке окшош, ал дагы кварталына бир жолу чогулат. Жолугушуу учурунда протоколго ылайык үч-төрт суроо талкууланып, аларга көрсөтмөлөр берилет.

Кеңеш майыптыктын алдын алуу, майыптарды реабилитациялоо, аларга Кыргызстандын башка жарандары менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу чөйрөсүндө социалдык саясатты, программаларды, пландарды жана иш-чараларды түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча туруктуу коллегиалдуу кеңеш берүүчү орган болот.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх