Азамат Сакиев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жаңы башкы директору болуп дайындалды
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койду
Азамат Сакиев Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы ”мамлекеттик ишканасынын жаңы башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 25-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Инвестициялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлчүлүгү негиз болгон.
Сакиев 1989-жылы 20-февралда туулган. Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы. Жогорку билим, адистик - менеджмент (Nottingham University UK, International Business; Malaysia) Эмгек жолун "Кыргыз Темир Жолу" Мамлекеттик ишканасында 2019-жылы баштаган, кызматка дайындалганга чейин "Кыргыз Темир Жолу" НК Мамлекеттик ишканасынын Материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.
"НК" Кыргыз Темир Жолу "Мамлекеттик ишканасы
Сүрөт www