­
Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстанга келди (сүрөт) - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстанга келди (сүрөт)

Ал кыргыз кесиптеши Таалайбек Өмүралиев менен аскердик-техникалык кызматташуунун келечегин талкуулайт

Кыргызстан менен Түркиянын Коргоо министрликтеринин ортосунда жетишилген келишимдерге ылайык, бүгүн Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар мырза баштаган аскер делегациясы Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.

 

Улуттук коргоо министринин расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу пландаштырылып, анда аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды эки өлкөнүн коргоо ведомстволору талкууланат.

Ошондой эле, аскер делегациясы "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барууну пландаштырууда.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалымат иштери боюнча департаменти
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх