Садыр Жапаров Дүйшөмбүдөгү Исмоили Сомони эстелигине гүлчамбар койду (сүрөт)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Тажикстанга расмий сапары уланууда
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Тажикстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында Тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.
Тажикстандын мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун Дусти аянтына орнотулду.
Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган жана тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий иш сапары уланууда.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз