Президенттин администрациясы Садыр Жапаров Орхан Инанданын уурдалышы боюнча азырынча комментарий бере элек деп жооп берди
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы ТИМдин билдирүүсү КРнын расмий позициясы экендигин тактады
Садыр Жапаров Түркиянын атайын кызматы тарабынан Орхан Инанданын уурдалышы боюнча комментарий бере элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Алар Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү Түркиянын "Сапат" лицей тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инаданы уурдоо жана камакка алуу боюнча мамлекеттин расмий позициясы экендигин такташты.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, бүгүн Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмед Садык Доган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инанды кармоо жана Түркия Республикасына жеткирүү боюнча түрк тараптын операциясына байланыштуу нота тапшырылды.
Кыргыз тарап түрк тарапты Инанданы Кыргызстанга кайтарып, ага туура мамиле жасалышы жана эл аралык мыйзамдарга ылайык ага карата зомбулук жана кадыр-баркты басмырлаган аракеттердин колдонулушун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды.
ТР элчиси Орхан Инанды Түркиянын жараны деп жооп берди.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www