Нурсултан Назарбаев: Бир тууган эл үчүн аянычтуу, отуз жылдан бери Кыргызстанда эч нерсе жасалган жок (видео)
Казакстандын Президенти КРнын ар бир президентин колдоп келгенин, бирок алар өз өлкөсү үчүн эч нерсе жасабаганын айтып белгиледи
Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Оливер Стоундун сегиз сааттык документалдык тасмасында, Кыргызстанда отуз жылдан бери эч нерсе жасалган жок деп билдирди.
"Батыштагыдай демократия - биздин максатыбыз" деди ал. - Биз азырынча жолдун башында турабыз. Бир жагынан Кытай, экинчи жагынан Россия. Аларда демократия барбы? Бул мамлекеттер бизге абдан күчтүү таасир этет. Демократиянын аралчасы - мисалы, Кыргызстан. Өкүнүчтүү, бизге жакын , боордош эл чындыгында. Ушул отуз жылдын ичинде Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы? Жана мен ар бир президентти колдоп, аларды Казакстанга чакырып, аларга акча жана насыяларды сунуштадым. Алар эч нерсе кылышкан жок. Ошондуктан мен экономика бардык жашоонун негизи деп айтам.
фото www