Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркиянын ТИМинин орун басары кыргыз элчисине Орхан Инанданын жүргөн жери жөнүндө билбестигин айтты

Ошол эле учурда ТР тышкы иштер министринин орун басары Инанды Түркиянын жараны экендигин белгиледи

Бүгүн, 6-июлда Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев ТРдин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инанданын жүргөн жери жөнүндө маалымат берүү жана консулдук кызматкердин ага кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен элчиликтен нота жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Явуз Кыран Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптын өтүнүчүн Түркиянын Юстиция министрлигине жөнөтөт деп ишендирди. Ошол эле учурда ал Орхан Инанди Түркиянын жараны экендигин белгилеп, анын жүргөн жери жөнүндө маалыматы жок экендигин белгиледи.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх