Парламент Кыргызстандагы камактагы түрк адамдарынын бирин Орхан Инандага алмаштырууну сунуш кылды
Марлен Маматалиев ошондой эле Түркияда бирөөнү уурдап, андан кийин кинодогудай алмашып алса болот деп белгиледи
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жыйынында Ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, түркиялык туткундардын бирин Орхан Инандага алмаштыруу сунушу менен кайрылды.
- Мен жарандарды алмаштыруу маселесин көтөрүш керек деп эсептейм, анткени башка вариант жок, - деп эл өкүлү Ички иштер министрлигинин башчысына кайрылды. - Же болбосо, эскиче, тасмаларда көрсөтүлгөндөй, биз Түркияда бирөөнү уурдап, анан алмаштырышыбыз керек. Бирок бул кооптуу. Менин жеке оюм боюнча, улутуна жана мурунку жарандыгына карабастан, биз жараныбыздын укугун коргошубуз керек. Сиз адамдарга бардык жарандар мамлекеттин коргоосунда экендигине кепилдик беришиңиз керек.
Өз кезегинде Улан Ниязбеков бул жерде кылмыш жасаган 10дон ашык түрк жарандары Кыргызстандын аймагында кармалгандыгын белгиледи.
"Менин оюмча, алмашуу маселеси дипломатия жолу менен чечилиши керек", - деп жооп берди министр.
Марлен Маматалиев Улан Ниязбековго Тышкы иштер министрлигине тийиштүү сунуш киргизүүнү сунуштады.
Канышай Балкыбеоя
сүрөт www