Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ынтымак" партиясынын өкүлдөрү пара алууга шектелип кармалды. Штабдын кызматкеринен ири суммадагы акча жана шайлоочулардын тизмеси табылды (сүрөт)

Марлен Маматалиев бул акча агитаторлорго арналган деп ишендирди

Ошто "Ынтымак" партиясынын үч өкүлү шайлоочуларга пара берди деген шек менен кармалышты. Кызматкердин 115 миң сому жана шайлоочулардын аты-жөнү жазылган тизмеси бар экени аныкталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.

Ал арада түштүк борбордун ГУВДсы кармалгандар Тергөө кызматына жеткирилгенин кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 7-июлда саат 11.37 чамасында Ош ГУВДсынын кызматкерлерине  пара берүү жөнүндө маалымат берилди.

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жүргүзүлгөн текшерүү учурунда, добуш сатып алууга шектелип жергиликтүү тургундар 1980-жылы туулган Р.Ш. 1959-жылы туулган  Л.Б жана 1980-жылы туулган И.Хды кармалган.

«Жаран 1980-жылы туулган И.Х.да 115 миң сом жана аймакта жашаган тургундардын тизмеси бар экендиги аныкталды. Кармалгандардын бардыгы шаардык кеңешке боло турган шайлоого катышып жаткан Ынтымак партиясынын тарапташтары болуп чыкты », - деп билдиришти милициядан.

Маалым болгондой, учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүш дайындалган.

Ал арада парламенттин депутаты, Ынтымак партиясынын лидери Марлен Маматалиев Vesti.kg сайтына кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Маматалиевдин айтымында, Оштогу аппарат жетекчиси ага телефон чалып, кооптонууга негиз жок экендигин айтты, анткени бардыгы документтештирилген.

- Аппарат жетекчиси мага телефон чалып, пара жок деди, - деп жооп берди Маматалиев. - Алар агитаторлорго акча беришкен. Ага чейин акча жок болчу. Кечээ каражат табылып, алар агитаторлорго таратылды. Ал жерде бардыгы ачык, тунук жана чынчыл. Баардыгы документтештирилген. Биз тынчсызданбайбыз, анткени пара болгон эмес жана болбойт. Биз буга жол бербейбиз. Азыр биз дагы иликтеп, бул так биздин партиябы же жокпу деп тактап жатабыз. Эгер чындыгында булар биздин партиянын кызматкерлери экени билинсе, анда биз өтө катаал чараларды көрөбүз.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх