Бишкек ШИИБ: Орхан Инанды Түркияда туулуп-өскөн жана Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес (сүрөт)
ИИМдин билдиришинче, 2019-жылы эле Инандынын КРнын паспортун алуу мыйзамдуулугу боюнча тергөө иштери башталган
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы жаран Орхан Инанды уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө.
Милиция кызматкерлери Орхан Инанды Түркиянын жаранынын паспортуна ээ болуп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын ID-паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгын аныкташкан.
Орхан Инанды Кыргызстандын жаранынын паспортуна ээ болуп, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу болгон Түркия Республикасынын паспортун колдонгон жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өткөн. 2014-2018-жылдар аралыгында Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга учуп барган.
2018-жылдан бери Инанди 9 жолу кыргыз паспортун колдонуп, Россия, Казакстан жана Индияга учуп келгендиги аныкталды.
Ошентип, анын колунда Кыргыз Республикасынын жаранынын жана Түркиянын жаранынын паспорту болгон. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, Орхан Инанди Түркияда туулуп-өскөн жана Түркия Республикасынын жарандыгынан чыккан эмес.
Мындан тышкары, 2019-жылы тиешелүү кызматтар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Орхан Инанданын кыргыз паспортун алуу мыйзамдуулугу боюнча тергөө ишин башташкан.
Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы
Сүрөт www