"Болуп калат". Реформа партиясы үгүт жарнактарындагы каталарга жол берди (сүрөт)
Клара Сооронкулова плакаттарды алмаштырбай тургандыктарын, анткени шайлоого бир-эки күн калганын айтты
Твиттер социалдык тармагынын колдонуучулары Бишкектеги "Реформа" партиясынын шайлоо алдындагы үгүт жарнактарындагы эки сүйлөмдө эле бир нече үтүр жок экендигин байкады.
Ал арада "Реформанын" лидери, Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына берген маегинде каталар кокустан болгонун айтты.
"Мындай боло берет", - деди ал. Эң негизгиси, мааниси жеткирилген. Бул, сыягы, типографиянын катасы. Билбордду алмаштырбайбыз, анткени шайлоого бир-эки күн калды. Кеч болуп калды.
Ирина Омельченко
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз