Жалал-Абад облусунда укук коргоо кызматкерлери бир ишкердин ишин мыйзамсыз токтотушкан
Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан ишкердик субъектилеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, 13-июлда Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ишкердиктин субъекттерин коргоого багытталган мыйзамдардын жана президенттин жарлыктарынын талаптарын одоно бузуп, «Н» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнүн ишин токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап менен мыйзамсыз текшеришкен. .
Чиновниктердин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында ишкердикке олуттуу материалдык чыгым келтирилген.
Белгиленгендей, көзөмөлдөөчү органдын кийлигишүүсүнөн кийин гана ЖЧК "Н." өз ишин кайрадан улантты.
Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www