Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улукбек Марипов Баткен облусуна учуп кетти

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапар менен барды.

Эки күндүк сапар алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Жалал-Абад облусуна барат.

Сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар инфраструктура объектилеринин абалы менен таанышып, табийгат кырсыгынан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Буга чейин тийиштүү мамлекеттик органдарга тийиштүү авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жана толук көлөмдө жүргүзүүсү тапшырылган.

Мындан тышкары, сел кырсыгынын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлмөкчү.

Кабминдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх