Дастан Бекешев: Президент менен жолугушууда айрым депутаттар президентти мактап ырдап жиберейин дешти
Парламентарий жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо маселеси өзгөчө талкуулангандыгын белгиледи
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармакта президент Садыр Жапаров менен кечээки жолугушуу кандай өткөнүн айтып берди.
"Садыр Жапаров менен жолугушуу өлкө башчынын резиденциясында өттү", - деди ал. - Биз ар кандай маселелерди талкууладык. Бул негизинен пикир алмашуу болду. Жашыруун эч нерсе жок болчу. Шайлоо маселесине өзгөчө басым жасалды. Шайлоочуларды кызыктыруу жолу менен паракорчулукту жоюуну сунуш кылдым. Ал добуш берүүдө пара берүүнү оңдой турган шайлоочуга акча төлөөнү сунуштады. Бул идея Садыр Жапаровго жакты, бирок алдыда боло турган шайлоодо бул идеяны ишке ашырууга үлгүрбөйбүз деп ойлойм. Айрым кесиптештерим президентти мактап ырдап жиберейин дешти. Чынын айтсам, мен үчүн алар аянычтуу.
Эскерте кетсек, кечээ, 21-июлда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту.
Сүрөт www