Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кенжебек Бокоев Юстиция министрине орус тилинде сүйлөгөндүгү үчүн эскертүү жасады

Депутат баяндамачылардан мамлекеттик тилде сүйлөөнү талап кылды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев Юстиция министри Асел Чынбаевага орус тилинде сүйлөгөндүгү үчүн эскертүү жасады.

Эл өкүлү спикерлерден кыргызча сүйлөөнү талап кылды.

- Урматтуу спикер! Баяндамачылардын мамлекеттик тилде сүйлөөсүн камсыз кылыңыз, - деди ал. - Мамлекеттик тилди жаңы деңгээлге көтөрүшүбүз керек. Бардык мыйзамдар, жоболор, расмий каттар жана башка документтер кыргыз тилинде болушу керек. Мамлекеттик тилди билген спикерлер гана сүйлөөсүн талап кылам. Эгер андай болбосо, анда депутаттарга котормочулар берилиши керек.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх