Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Адамдардын жашоосуна болгон ар кандай кайдыгер мамиле үчүн кызматкерлерге кылмыш иши козголушу керек

Улан Ниязбеков ИИМдин ЖКККББсынын курамын , Чүй облусу боюнча ЖКККББнын ишин катуу сынга алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда өлкөнүн ички иштер министрлигине жол коопсуздугун сактоо боюнча кескин чараларды көрүү, мас абалында, баңгизат колдонуп унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды уюштуруу жана жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Аталган тапшырмаларды аткаруу максатында 2021-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков республиканын аймагындагы жолдордогу жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол коопсуздугун сактоо максатында кескин чараларды көрүү үчүн ыкчам жыйын өткөрдү. Жыйында негизги тема катары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүү тууралуу тапшырмасын аткаруу маселелери каралды. Аталган жыйынга ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилик курамы, Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын жетекчилери катышты.
ИИМ башчысы Улан Ниязбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинин жана өздүк курамынын, Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алып, жол коопсуздугун сактоодогу кемчиликтери, адам өмүрүнө кайдыгер иши үчүн кызматынан айдалуу гана эмес кылмыш жоопкерчиликке тартыла тургандыгын катуу эскертти.
“Бүгүндөн баштап үч смен менен иштейсиңер. Ар бир кызматкерге өзүнө тиешелүү участокторду бекитесиңер. Ар бир айылдын кире бериш, чыга беришинде, ичинде кызматкерлер жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзсүн. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараты толугу менен жолго чыгасыңар. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жолдорду түн ичинде жарыктандырууну тезинен колго алуу керек. Бирок ошол эле учурда туристтерге өзгөчө сылык мамиле кылууну, сервистик кызмат көрсөтүүнү күчөтүүнү тапшырамын. Бирок алардын арасында мас абалында автоунаа айдагандар бар болсо, анда аларга мыйзам чегинде чара көрүү керектигин эскертемин. Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип, мыйзамдарды одоно бузгандарга катуу чара көрүү керектигин белгилеймин. Кыска мөөнөттүн ичинде жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытында кардиналдуу өзгөрүүлөргө барбасаңар, жолдогу коопсуздукту сактоодо тиешелүү деңгээлде чара көрө албасаңар силердин ишмердүүлүгүңөргө баа берилет, иштей албасаңар анда кетишиңер керек. Жол кыймылынын коопсуздугун чыңдоо жана адамдардын өмүрүн сактап калууга байланыштуу үгүттөө, пропаганда иштеринин сапатын жогорулаткыла. Өзүңөрдүн жетекчилик курам, кызматкерлер жана ардагерлер менен атайын телекөрсөтүүлөрдү, радио маектерди уюштурууну колго алгыла, атайын роликтерди чыгаргыла. Жол коопсуздугун сактоо боюнча өткөрүлүп жаткан ар бир рейддик иш-чаралардын максаты мас абалында же баңгизат колдонуп унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо жана аларга карата катуу чараларды көрүү болуп эсептелет. Биздин максат жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу экендигин бириңер да эсинерден чыгарбагыла, бул менин силерге болгон акыркы эскертүүм”,- деди ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.
Чогулуштун жыйынтыгы менен министр ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жайкы туристтик сезон учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында берилген тапшырмаларды жана иш-чаралардын жүрүшүн толугу менен жеке өзү көзөмөлгө ала тургандыгын да белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх