Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Бельгиянын Королу Филиппке көңүл айтты

"Мен Бельгияда адамдардын өлүмүнө жана ири кырсыктарга алып келген суу ташкыны жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым"

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бельгия Королу Филиппке Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты.

«Бельгиянын айрым аймактарын суу каптап, анын кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх